Дарылоочу дене тарбия

Википедия дан

Дарылоочу дене тарбия – ар кандай ооруларды алдын алуу жана дарылоо максатында колдонулуучу дене тарбия көнүгүүлөрү; медициналык калыбына келтирүүнүн негизги ыкмасы. Аны туура пайдалануу тез айыгууга, эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүүгө түрткү берет. Ооруканада, санаторийде, поликлиникада комплекстүү дарылоонун бир ыкмасы катары пайдаланылат. Ал бүт организмди чыңдоочу жалпы жана айрым органдын, системанын бузулган функциясын калыбына келтирүүгө багытталган атайын машыгууларга бөлүнөт. Врач көнүгүүлөрдү сунуш кылууда оорунун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, органдар менен системалардын өзгөрүү даражасын, стадиясын, ошондой эле аны менен бир мезгилде жүргүзүлүүчү дарылоону эске алат. Дарылоочу дене тарбиянын негизин дене тарбия көнүгүүлөрү түзөт, алар гимнастикалык, спорттук жана оюндар болуп ажыратылат. Дене тарбия көнүгүүлөрү нерв системасынын бузулган функцияларын калыбына келтирип, сергитет жана дарылоонун башка каражаттарынын таасирин күчөтөт. Узак убакыт төшөктө жатып, алсыраган учурда, таяныч-кыймыл аппаратынын кээ бир ооруларында, кырсыктан жабыркаганда алардын функциясын калыбына келтирүүдө, сөөк булчуң системасынын жана муун ооруларын дарылоодо жакшы натыйжа берет. Ал хирургия практикасында операциядан кийинки кабылдоолорду алдын алууга жана операциялык жарааттын бүтүшүн тездетүүдө, ички органдардыдарылоодо жардамы чоң; айрыкча жүрөк-кан тамыр системасынын, дем алуу органдарынын ооруларында, ошондой эле зат алмашуунун бузулушунан болгон ооруларда кеңири пайдаланылат. Шал, невроз, жугуштуу оорулардын натыйжасында борбор жана четки нерв системасынын жабыркоолорун калыбына келтирүүдө жана башка да мааниси чоң. Дарылоочу дене тарбиясын табият таасири менен айкалыштыруу да өтө натыйжалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия