Дар-эс-Салам

Википедия дан
Дар-эс-Салам шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Дар-эс-салам.
Дар-эс-Салам

Дар-эс-саламТанзаниядагы шаар. Инди океанынын жээгинде. Калкы 2,9 млндон ашык (2007). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн негизги деңиз порту. Тамак-аш – татымал, текстиль, нефть ажыратуу, фармацевтика, кеме куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, колледж (медициналык, техникалык, коммерциялык), улуттук жана тарых-этнография музейи, сүрөт галереясы, театр бар. Ботаникалык бак уюшулган. Замбияга транзиттик нефть кууру кетет. 1862-ж. Занзибар султаны тарабынан негизделген. 1891-жылдан Германиялык Чыгыш Африканын администрация борбору. 1961–64-ж. көз карандысыз Танганьика мамлекетинин, 1964–93-ж. Танзаниянын борбору болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия