Дегене

Википедия дан

Денгене — бир нече адамдын ортого майда жандык чыгарып жеш адаты.
Денгене жамааттык мамилелер өкүм сүрүп турганда пайда болгон чогуу тамактануу. Денгенеге эркектер гана катышып, ортого кой, эчки, торпок чыгарып союп жешкен. Кийинчерээк денгенеге союлган малдын баасын денгененин катышуучулары тен төлөп беришкен да, союлган этти бирдей өлчөмдө бөлүп алышкан. Мындай көрүнүш жамааттык мамилелердин бузулгандыгын, ар бир үй-бүлөнүн чарбасы, тиричилиги өз алдынча боло баштагандыгын билдирген.

Шилтеме:
Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003.