Дегустация

Википедия дан

Дегустация (лат. degustatio – даамын татуу) – тамак-аш азыктарынын сапаты, түсү, жыты жана даамы боюнча баалоо. Дегустация айрыкча шарап жасоодо, анын сапатын, коммерциялык жана керектелүү баалуулугун аныктоодо колдонулат. Дегустациянын негизинде шарап 10 баллдык система аркылуу төмөнкүдөй элементтерди эсепке алуу менен бааланат: тунуктугу – 0,5, түсү – 0,5, жыпар жыттуулугу – 3, даамы – 5, кыймылы жана көбүктөнүүсү боюнча шампанский үчүн 1 балл (булар жогорку балл болуп эсептелет). Чайды дегустация кургак чайдын сырткы түрү, демделген чайдын түсү (колер), жыты жана даамы, чаманын өңү эске алынат. Ал эми тамекини дегустациялаганда жыты, даамы, күчү, түтүнүндөгү майлуу заттар анык талат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]