Дейнека Александр Александрович

Википедия дан

Дейнека Александр Александрович [8(20). 5. 1899, Курск – 12. 6. 1969, Москва] – советтик живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1963), СССР көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947; вице-президент, 1962–66), Социалистик Эмгек Баатыры (1969). 1920–25-ж. Москвадагы ВХУТЕМАСта окуган. Дейнека 20-жылдары негизинен журналдык графика боюнча иштеген. Ушул эле мезгилде тарыхый революциялык темадагы «Петроград коргонуусу» (1928) аттуу белгилүү чыгармасын жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары баатырдык пафостогу «Севастополь коргонуусун» (1942) тарткан. Ал – көрүүчүлөргө кеңири белгилүү «Эне» (1932), «Болочок учкучтар» (1938), «Хоккейчилер» (1959–60), «Кызыл гвардиячы», «Саанчы» (1962; Лениндик сыйлыгы, 1964) жана башка чыгармалардын автору. Дейнека Москвадагы ВХУТЕИНде (1928–30), Москва полиграфия институнда (1928–34), В. И. Суриков атындагы Москва көркөм сүрөт институнда (1934–46, 1957–63), Москва жасалга-колдонмо өнөр институнда, Москва архитектура институтунда (1953–57) окутуучу болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Маца И. Л. А. Дейнека. М., 1959; А. А. Дейнека [Каталог выставки]. М., 1969.