Демографиялык саясат

Википедия дан

Демографиялык саясат - муундардын жана миграциялардын табигый нугун кайра жаратууга багытталган социалдык, экономикалык, юридикалык ж.б. иш чаралар.

Мисалы: балдардын төрөлүшүн көбөйтүү же токтотуу ж.б. Бул үчүн мамлекетте атайын мыйзамдар жана шарттар иштелип чыгат.

Демографиялык процесс менен саясаттын ортосундагы байланыштарга биринчилерден болуп көңүл бургандар Г.Мальтус жана У.Петти болушкан. Г.Мальтустун пикири боюнча жер шарында калктын санынын көбөйүшү жашоо үчүн күрөштүн курчушуна алып келүү менен күчтүүлөрдүн жеңип чыгышын шарттайт. Бул дүйнөлүк тынчтыкка коркунуч алып келиши мүмкүн. Бирок калктын абсолюттук көбөйүш процессин балансылоого жаратылыштын да алы жетпей калууда.

Жаратылыш адамзаттын керектөөлөрүн жана алардын келтирген зыяндарынын ордун толтурууга жетишпей калууда. Ошондуктан бул маселени мамлекет деңгээлде: үй-бүлөнүн жаралышын жана балдардын туулушун жөнгө салуу менен чечүү зарылдыгы келип чыгат.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан эпидемия, ачкачылык жана согуш сыяктуу көрүнүштөрдү Г.Мальтус позитивдүү көрүнүштөр катары эсептеген. Себеби алар «ашыкбаш» адамдардын санын азайтууга жардам берет. Демографиялык саясаттын көйгөйлөрүн бири – өлкөлөр ортосундагы миграциялык процесстерди жана алардын себептерин изилдөө.

Ал эми Кыргызстандагы демографиялык саясаттын негизги багыттары – миграция, эмгек ресурстарынын курамы жана түзүлүшү, эмгекке орноштуруу, калктын иш менен камсыз болушу ж.б.



Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)