Демонстрация

Википедия дан

Демонстрация (лат. demonstratio) – көргөзүү. Окуучуларды кээ бир предмет менен, кубулуш же процесс менен көрсөтмөлүү сезимталдуу тааныштырып окутуу ыкмаларынын бири. Тажрыйбаларды жана окуу көрсөтмө куралдарын демонстрациялоону мугалим өзүнүн сөз жүзүндөгү түшүндүрүүсүн ачык жана далилдүү кылуу үчүн пайдаланат, ошондуктан ал окуучулардын байкагычтыгын өнүктүрүүнүн каражаты болупп эсептелет. Демонстрациянын эффективдүүлүгү демонстрациялануучу объекттердин туура тандалып алынышына көз каранды, башкача айтканда эмне көрсөтүлө тургандыгына (кинофильмби, таблицабы же ж. б.) жана кандайча көрсөтүлө тургандыгына, мугалимдин өзүнүн оозеки түшүндүрүүсүн демонстрациялануучу көрсөтмө объектилер менен туура айкалыштыра билүүсүнө байланыштуу болот. Көрсөтмө куралдарды жана тажрыйбаларды демонстрациялоону төмөнкү учурларда пайдалануу өтө максаттуу:

1. Көрсөтмө курал же тажрыйба өзү түздөн түз үйрөнүлүүчү объект болгон кезде (мисалы, предметтин өзүн өзү же анын моделин – графикалык сүрөтөлүшүн, геометриялык телолорду, ар түрдүү өсүмдүктөрдү, куралдары жана башкаларды түздөн түз көрүү аркылуу алардын формаларын үйрөнүү кезинде); физика жана химия сабактарында тажрыйбаларды демонстрациялоодо;

2. Көрсөтмөлүү объект окуучулардын буга чейинки тажрыйбасы менен бирдикте кубулуштардын арасындагы түздөн түз кабыл алууга мүмкүн болгон ички байланыштарды сөз жүзүндө түшүндүрүүң мугалимге таяныч боло алган кезде (мисалы, күкүрт кислотасын өнөр жайларда өндүрүүнүн технологиялык процессин анын макети же схемасы боюнча түшүндүрүүдө мугалим окуучулардын ал кислотаны лабораториялык жол менен алуу жөнүндөгү билимине таянат);

3. Көрсөтмөлүү объект мугалимдин сөз жүзүндөгү түшүндүрүүсүн ырастоо, иллюстрациялоо катары пайдаланылган кезде (мисалы, минералдарды оозеки түшүндүрүүдөн кийин алардын үлгүлөрүн көрсөтүү, ар түрдүү сүрөттөрдү, диапозитивдерди, диафильмдерди же окуу кинофильмдерин демонстрациялоо);

4. Көрсөтмөлүү объект окуучуларга буга чейин эч белгисиз жана түздөн түз кабыл алып билүүгө мүмкүн эмес болгон кубулуштар, окуялар жана байланыштар жөнүндө оозеки түшүндүрүүнүн башталышы боло алган кезде (мисалы, география сабагында тигил же бул алкактагы климаттын тропикалык аймактарын, токой, тундра жана башкалар жөнүндөгү түшүндүрүүсүн мугалим кинофильмди, ландшафттык сүрөттөрдү пайдаланып баштоосу мүмкүн).

5. Коомдук ой-пикирди жана талапты билдирүүгө арналган жүрүш, митинг, ар кандай карнавалдык майрамдар жана башкалар.;

6. Башка өлкөнү басмырлоо, опузалоо аракетинде демонстрациялоо (өтмө мааниде – кыр көрсөтүү). Мисалы: башка мамлекеттин жээктерине согуштук кемелерди жиберүү.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.


Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,