Венди Денг

Википедия дан
Денг, Венди‎»‎ барагынан багытталды)
Венди Денг
Wendi Deng
Портрет
Туулган датасы:

5 -декабрь 1968(1968-12-05) (55 жаш)

Туулган жери:

Сюйчжоу, Кытай

Күйөөсү:

Руперт Мөрдок

Балдары:

Grace (2001),
Chloe (2003)

Венди Денг (англ. Wendi Deng) — америкалык ишкер, Руперт Мөрдоктун үчүнчү аялы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1968-жылы 5-декабрда Сюйчжоу шаарчасында төрөлгөн. Орто мектепте жакшы окуган жана волейболду сонун ойногон. 1985-жылы медицина коллежине кирген. Бирок 1987-жылы Жейк Черри (англ. Jake Cherry) менен таанышкан. Венди Денг Кытайдан кеткен жана Америка Кошмо Штаттарына барган. Жейктин үй-бүлөсүндө турган жана Калифорния мамлекеттик университетинде окуган. 1996-жылы MBA даражасын алган. Анан Star TV станциясынын кызматчысы болуп иштеген. Учурда Нью-Йоркто турат.

Күйөөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Венди Денг жана Руперт Мөрдок

Венди Денгдин биринчи күйөөсү — Жейк Черри болгон. 1997-жылы Star TV станциясында Венди Руперт Мөрдокко жолуккан. Руперттин аялы Анна Мария Торв (англ. Anna Maria Torv) болгон. Аны таштап, Руперт Вендиге үйлөнгөн. Эки кызы бар: Грейс (2001) жана Хлоя (2003).

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Венди Денг муштай алат[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Chia Ling. Kung Fu Fighting Deng Saves Murdoch Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine // The Daily Squib

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]