Дененин ысышын төмөндөтүүчү даарылар

Википедия дан

Дененин ысышын төмөндөтүүчү даарылар — жылуулукту жөнгө салуучу процесстерге таасир этип, ысытма абалында дененин температурасын төмөндөтүүчү дары заттар. Аларга салицил кислотасынын бирикмелери, амидопирин, анальгин, фенацетин жана башка кирет. Бул дарылардын эффектиси мээде жайгашкан жылуулукту жөнгө салуучу борборго түздөн-түз таасири менен байланыштуу. Кээ бир ооруларда (сезгенүү, жугуштуу) жылуулукту жөнгө салуучу борборлордун козголуусу күчөйт. Анда кан тамырлар спазм болуп, жылуулукту берүү азайып, жылуулук пайда кылуу күчөйт, натыйжада эт ысыйт. Дарынын таасиринен жылуулукту жөнгө салуучу борборлордун козголгучтугу өзгөрөт, теринин кан тамырлары кеңеет, тердеп жылуулукту берүү күчөйт жана дене температурасы төмөндөйт. Бул дарыларды колдонуу дененин температурасын төмөндөтүү менен оорунун себептерин көмүскөлөп, айрым оорулардын айыгуусун кечететет. Кээде дененин ысышы организмдин коргонуу реакцияларынын бири болуп эсептелет. Эт ысыганда дарыларды врачтын көрсөтмөсү жок кабыл алуу жугуштуу оорулардын белгилерин өзгөртүп, диагнозду эрте аныктап дарылоого тоскоол болот. Ошондуктан эт ысыганда өзүн өзү дарылап, температураны төмөндөтүүчү дарыны баш аламан кабыл алуу коркунучтуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8