Дератизация

Википедия дан

Дератизация - (лат. de – жоюу, четтетүү жана фр. rat – келемиш) – жугуштуу оору , ылаң пайда кылуучу же таратуучу, Ошондой эле экономикалык жактан зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү (келемиш, чычкан) жок кылуу чаралары. Ага химиялык, механикалык жана биологиялык ыкма менен жок кылуу, таштандыларды жыйноо, тазалоо кирет. Дератизация турак үйлөрдө, кампа, тегирмен, мал сарай, кеме, самолёт, жашылча сактагыч, күнөскана жана башкаларда жүргүзүлөт. Алдын алуучу жана жок кылуучу дератизация болуп бөлүнөт. Алдын алуучу дератизацияда кампанын пайдубалы бетон, таш же кыштан бийик салынат; келемиштин азыгы менен ийини жок кылынат; терезе, эшиктери бүтөлөт. Жок кылуучу дератизацияда келемиштерге каршы механикалык, химиялык жана бактериологиялык ыкмалар колдонулат. Механикалык ыкмада капкан жана кармагычтар, ал эми, химиялык ыкмада ууланган заттар колдонулат, келемиштердин ийинине уу (кан антикоагулянттары, ратиндан, зоокумарин жана башка) чачылат. Бактериологиялык ыкмада келемиштерге каршы бактериялуу заттар коюлат. Аны эпидемиологиялык станциялар, ветеринардык адистер жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1