Геннадий Александрович Десятков

Википедия дан
Десятков Геннадий Александрович‎»‎ барагынан багытталды)

Геннадий Александрович Десятков (5-март 1947-жылдын туулган, Ташкент) – физика-математика илимдеринин доктору (1995), профессор (1996). 1972-ж. Москва энергетика институтун бүтүргөн. КР УИАнын Физика институтунда илимий кызматкер, 1993-жылдан КРСУда маалымат жана эсептөө технологиясы кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Физика маселелерин математикалык жана компьютердик моделдештирүү жаатында адис. 120дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монография, 7 ойлоп табуунун ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1