Детонация

Википедия дан

Детонация (лат. detonо – күрүлдөө) – жарылгыч заттардан кубат бөлүнүп чыгып, ал бир катмардан экинчисине толкун түрүндө үндөн тез таралуучу химиялык процесс. Химиялык реакцияда согуу толкуну пайда болот. Күйүүчү газдардын жана кошундулардын күйүү тездиги, температурасы , күйүүдөн пайда болгон газ түрүндөгү заттардын басымы улам жогорулай берет. Күйүүнү андан ары да улантканда процесс жарылууга өтөт. Процесс жүрүп жаткан учурда күйүү чөйрөсүнүн көлөмү өзгөрбөсө, көлөмдөгү басым өтө тез жогорулап, күйүү процессинин өзү детонацияга айланат. Эгер жарылуу сыяктуу күйүү процессинин басымы 500–1500 кг/см2 болсо, детонация убагында басым 100 000 кг/см2 жана андан да жогору болушу ыктымал. Жөнөкөй күйүү, жарылуу сыяктуу күйүү жана детонациялык өзгөрүүлөр кычкылдануу принцибинин натыйжасында пайда болот. Басым, процесстин жүрүү жана кеңейүү тездиги, андагы тыгыздык жана башка параметрлер детонация үчүн зор роль ойнойт. Детонация учурунда пайда болгон басымга жаратылыштагы белгилүү заттардын эч бири туруштук бере албайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1