Дефицит

Википедия дан

Дефицит – (лат. dēаicit – жетишпейт)‚ таңсыктык, 1) өндүрүш факторлорун‚ керектөө предметтерин теңдөө үчүн зарыл болгон акча‚ товар же кызмат көрсөтүүнүн жетишсиздиги; 2) чыгымдардын кирешелерден‚ карыздардын активдерден ашып кетүүсү. Дефицит экономикада – бул анын теңдешсиздигинин жалпы көрүнүшү. Ал товардык формада сунуштан суроо-талаптын дайым ашып кетүүсү менен шартталышы мүмкүн. Рынок экономикасында дефицит өндүрүштүн тиешелүү бөлүмүнө инвестициянын келишине же башка рыноктордо баасы арзан товарлардын агып киришине түрткү берүүчү таңсык товарлардын баасынын убактылуу кымбатташы менен мүнөздөлөт. Cунуштун көбөйүшү жана суроо-талаптын канааттандырылышы менен товар дефицитти жоюлат. Экономикада дефицит түрүнө бюджет тартыштыгы – мамлекеттик чыгымдардын кирешелерден ашып кетүүсү кирет. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн импортунун аны экспорттоодон ашып кетүүсү экономикалык өнүгүүнүн убактылуу тездешине өбөлгө болот. Бирок бардык эле деңгээлдеги узакка созулган дефицит рыноктук тең салмактуулукту бузат‚ ишканаларды‚ муниципалитеттерди‚ борбордук өкмөттү жана бүтүндөй өлкөнү карызга дуушарлантат. Акча-финансы чөйрөсүнүн туруксузданышы жалпы экономикалык кризис коркунучун күчөтөт. Биздин өлкөдө экономикалык реформа‚ финансы системасын чыңдоо‚ сомду бекемдөө жолу менен дефицитти жеңүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1