Тимберлейк, Жастин

Wikipedia дан
(Джастин Тимберлейк барагынан багытталды)
Жастин Тимберлейк

Жастин Рендел Тимберлейк (англ. Justin Randall Timberlake; 31 январь 1981, Мемфис шаары, Теннесси штаты) - америкалык поп-музыкант, актёр, композитор жана продюсер катары белгилүү. Жастин — эки Эмми сыйлыгын жана алты Гремми сыйлыгынын ээси. 1990-жылдардын АКШдагы NSYNC тобунун мүчөсү катары алгачкы жолу дүйнөгө атагы чыккан.

2002-жылы анын биринчи жеке соло альбому «Justified» (aктaлгaн) жарык көрүп, дүйнө жүзүндө 7 миллиондой нуска сатылган. Альбомго "Cry Me a River" (Көз жaшыңды төк) жана "Rock Your Body" (Денеңди кыймылдaт) аттуу хит ырлар кирген. Тимберлейктин экинчи соло-альбому «FutureSex/LoveSounds» (Мaхaбaт үнү) болсо 2006 жылы чыккан. Анын ичиндеги «SexyBack», «My Love» жана «What Goes Around... Comes Around», деген ийгиликтүү синглдар АКШда № 1 хит ырларга айланган.
Жастиндин кумирлери - Майкл Жексон менен Элтон Жон.