Диалектикалык материализм

Wikipedia дан

Диалектикалык материализм (Диама́т) – марксизмдин философиялык окуусу. Ага ылайык материя – дүйнөнүн жападан-жалгыз негизи, ал эми аң-сезим – материянын касиети же функциясы. Дүйнөнүн кыймылы жана өнүгүшү анын ички карама-каршылыктарынын натыйжасында болот. Диалектикалык марксизмдин негизги мыйзамдары болуп карама-каршылыктардын биримдигинин жана күрөшүнүн мыйзамы, сандан сапатка өтүү мыйзамы, тануу (четке кагуу) мыйзамы саналышат.

Колдонулган адабияттар [оңдоо]