Диамагнетик

Википедия дан

Диамагнетик – сырткы магнит талаасында ага карама-каршы багытта магниттелген, башкача айткандадиамагнетизмге ээ болгон зат . Сырткы магнит талаасы болбосо диамагнетик магниттелбейт. Диамагнетиктин магниттик кабылдоочулугу дайыма терс жана сан мааниси боюнча өтө кичине болот (~10–6 – 10–5). Диамагнетикке инерттүү газдар, газ түрүндөгү азот, суутек, жарым өткөргүч кристаллдар – Si, Ge, металлдар – Cu, Bi, Au, Ag жана башка көптөгөн элементтер, ошондой эле органикалык жана органикалык эмес бирикмелер кирет. Диамагнетикти илимге М. Фарадей киргизген (1845).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1