Диапазон

Википедия дан

Диапазон (гр. diā pason (chordon) – бардыгы (кылдар) аркылуу)– 1) музыкада – ырдоого ылайык ырчы үнүнүн, музыкалык аспаптын жана башка добуштук өлчөмү (эң төмөнкү жана жогорку добуштардын аралыгы менен өлчөнөт.); 2) кандайдыр бир чоңдуктун өзгөрүүчү бөлүгү, мисалы, радиокабылдагычтын жыштык (толкун узундугу) диапазону, өлчөгүч жабдыктын өлчөө диапазону; 3) өтмө мааниде – билимдүүлүктүн, жөндөмдүүлүктүн өлчөмү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1