Дидактикалык оюндар

Википедия дан

Дидактикалык оюндар – бул мектеп жашына чейинки жана мектептин кенже окуучуларына таалим-тарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Бул оюндар окуучулардын сенсордук сезимдүүлүгүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жайланышына болгон), байкагычтыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, сүйлөө, айлана-чөйрөгө болгон элестетүүсүн өстүрөт.

Бул оюндардын адеп-ахлактык тарбиялоодогу мааниси дагы зор, анткени алар окуучуларда чыдамкайлыктын, өз алдынча иш алып баруу ишмердүүлүгүнүн, коллективизм сезиминин өсүүсүнө таасир берүү менен, өзүлөрүн жүрүм-турум нормаларына ылайык алып жүрүү адаттарын калыптандырат. Оюндарда атайын жасалган оюнчуктар колдонулат (лото, сүрөттөр, кубиктер). Мындан тышкары, сөз менен ойнолгон оюндар да болот (мисалы, табышмактар, үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу «тыюу салынган сөздөр» оюндары жана башкалар). Оюнда жогорку аталган нерселерден башка да турмушта колдонулган ар кандай буюмдарды жана жаратылыш материалдарын (топчу, таш жана башкалар) колдонууга болот. Дидактика ошондой өзгөчө бала бакчада окутуунун эң бир маанилүү каражаты болуп эсептелет. Алар балдардын ар кандай курактагы топторуна карата түзүлгөн программа менен өтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,