Desireless

Википедия дан
Дизайелесс, ырчы‎»‎ барагынан багытталды)
Desireless
Негизги маалымат
Desireless (2016).

Desireless (өз ысымы Claudie Fritsch-Mentrop, айтылышы - Клоди Фритч-Ментроп) – (1952-жылы туулган) – француздун белгилүү эстрада ырчы айымы.

Анын көркөм өнөрдөгү Desireless (Дизайелесс) деген (адабий) аты англисчеден “Эч нерсени көксөбөгөн” деп которулат. 1986-88-жылдары анын “Сапар, сапар” (Voyage Voyage) ыры дүйнө жүзүнө 5 миллиондон ашуун нуска менен таркаган.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клоди Фритч-Ментроп (Claudie Fritsch-Mentrop) айым 1952-жылы 25-декабрда Франциянын ордосу Париж шаарында туулган. Сена дарыясынын боюнда Ле-Трепорт жергесинде чоңойгон.

Жаштайынан музыкага кызыккан.

1970-жылдардын башында модельер болуп калган.

Ар кыл жазз жанрындагы топторго катышып ырдап жүрдү, кийинчерээк поп-музыканын башка түрлөрүндө күч сынады.

1983-жылы композитор жана продюсер Жан-Мишел Риватты кезиктирет. Ал айтылуу Жо Дассен, Мишел Делпеш, Франг Галл, Патрик Жүве менен иштешип, атактуу болуп калган.

1986-жылы Риват француз тилинде “Сапар, сапар” («Voyage Voyage») деген ырын жазат. Ырды Клоди айым Desireless (“Эч нерсени көксөбөгөн”) деген адабий ысымы менен аткарып чыкты. Маалыматтарга караганда, ал мындай ысымды Индияга жасаган сапарынан жана ички бейпилдикке чакырган философиялык ой-туюмду тутканынан улам кабыл алган дешет.

Ырчы айымдын чачынын бир шумдуктай кылып таралышы, комсоо ырайы, жаңы ысымы, албетте, ошол кездеги музыка ышкыбоздорун арбап алгансыды.

Француз тилиндеги ырдын англис тилдүү дүйнөдө мынчалык көп нускада чыкканы да ырчы айым дал бутага тийгенин айгинелейт.

Desireless айым 1990-жылы өзүнүн «François» деп аталган алгачкы альбомун чыгарды, ага анын «Qui Sommes-Nous?» ыры кирди. Бул ыр да анын үчүнчү хит ыры болуп калды (ырчынын хитке айланган экинчи ыры «John» деп аталып, 1988-жылы ырдалып чыккан болчу).

Ырчы Лили аттуу кыздуу болуп, саал тыныгуу жарыялады. Андан соң, 1994-жылы, “Мен сени сүйөм” («I Love You») аттуу экинчи альбомун элге тартуулады.

1990-жылдардын этегинде бул эки альбом тең компакт-дисктерде чыкты.

1995-жылдан тартып ырчы айым кызы жана жигити менен элет жергесинде байырлап келет.

Ырдын орусча варинаты да чыккан. Анын автору жана аткаруучусу – Сергей Минаев.

2007-жылы мартта ал Фабьен жана Мими менен биргелешип «More love & good vibrations» (Көбүрөөк махаббат жана дурус термелүү”) деген альбомду жарыялады.

Ал эми 2010-жылы Клоди (Дизайес) айым «Tes voyages me voyagent» деген клипти белгиялык музыкант Алек Мансьон (ex-Leopold Nord & Vous) менен биргелешип даярдады.

Дискография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Альбомдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сингл – жалкы ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтылуу François альбомунан:

  • 1986/87: «Voyage Voyage» (өз мекени Францияда № 2, Германияда, Австрияда, Бельгияда, Данияда, Испанияда, Грекияда, Израилде, Испанияда - № 1, Улуу Британияда – 1987-жылы № 53, 1988-жылы - № 5, ж.б.)
  • 1988: «John» (Францияда № 5, Германияда - № 37, Улуу Британияда - № 92)
  • 1989: «Qui sommes-nous ?» (Германияда - № 88)
  • 1990: «Elle est comme les étoiles»

Кийинки I love you альбомунан:

  • 1994: «Il dort»
  • 1994: «I love you»

Андан кийинки Un brin de paille альбомунан:

  • 2004: «La vie est belle»

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]