Дикроцелиоз

Википедия дан
буларга аштарсымак дикроцелий (Dicrocoelium dendriticum).

Дикроцелиоз (Dicrocoeliosis) – малдын боорун жана өт жолдорун жабыркатуучу ылаң. Трематод классындагы мите курттар козгойт. Койдо көп кездешип, бир кыйла экономикалык зыянга учуратат. Узундугу 5–15 мм, туурасы 1–2,5 мм. Жыныстык жактан өсүп жетилген мите боордун өт жолуна миңдеген жумуртка таштайт. Алар өт жолдору аркылуу ичегиге өтүп, заңы менен сыртка бөлүнөт. Сыртта үлүл менен кумурска денесинде ылаң козгоого жөндөмдүү метацеркарий стадиясына чейин жетилет. Булганган жем-чөп аркылуу малдын ичегисине түшүп, ал аркылуу өт жолдоруна жетип, 40–76 күндө жыныстык жактан жетилет. Ылаң уларып өтөт, мал тез арыктап, кунардуулугун жоготот, акыры өлүмгө дуушар болот. Денесинде мите көп болсо, тамак сиңирүүсү бузулат, чычкактайт. Ылаңдуу малды митеден арылтуу үчүн гексахлорпараксилол, гетол, гетолин, политрем, фенбендазол (панакур), тиабендазол, фасковерм (клозантел), фазинекс, камбендазол дарылары колдонулат. Алдын алууда малды гельминтсиздөө (ноябрь, декабрда) керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1