Дилназ Ахмадиева

Википедия дан
Дилназ Ахмадиева
уйг. ٴدىلناز مۇراتقىزى احمادىييەۆا каз. Ділназ Мұратқызы Ахмадиева
Туулган датасы:

20 -ноябрь 1980(1980-11-20) (43 жаш)

Туулган жери:

Алмата, Казак ССРи, СССР (Казакстан)

Жарандыгы:

 Казакстан

Кесиби:

актриса, ырчы

Карьерасы:

1984 - азыркы учурда

IMDb:

ID 1480510

Дилназ Ахмадиева (уйг. ٴدىلناز مۇراتقىزى احمادىييەۆا каз. Ділназ Мұратқызы Ахмадиева ) — Казакстандык актриса жана ырчы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дильназ 1980-жылы 20-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында төрөлүп-өскөн. 1997-жылы №8-лицейден билим алган соң Алматы шаарындагы Казак Мамлекеттик университетин аяктап, котормочу-референт адистигинин ээси болот. Дильназ чыгармачыл үйбүлөдө өскөндүктөн, кичинесинен музыкага шыгы байкалган. Атасы Ахмадиев Мурат – Казак Республикасынын эл артисти, белгилүү ырчы. Учурда Казакстандагы уйгур театрынын директору. Апасы Ашимова Ризвангуль – актриса жана казак телекорпорациясынын экс-директору. Чыгармачыл ата-эне кызы Дильназ менен уулу Дильшаттын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө шарт тү­зүп келишкен. Ошондон улам Дильназ төрт жашынан ырдап чыга баштап, акырында казак телевидениесиндеги балдар берүүлөрүнө, “Алтын алма” деген телефильмге тартылат. Аны менен кошо Уйгур театрындагы спектаклдерде роль жарата баштайт. Он жашында “ОРТ” каналынын заказы менен Казак телевидениеси Дильназдын жеке чыгармачылыгына арналган отуз мүн­өттүк берүү даярдайт. Ошентип, кичинекей талант эл көзүнө илинет.

Шоу дүйнөсүнө аралашуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1993-жылы Дильназ Алматынын чоң сахнасына чыгууга үлгүрөт. Ал эми он жети жашында болочок ырчы Уйгур театрынын солисти, вокалисти болуп эмгектене баштайт. Дильназдын жандүйнөсүнө актёрдукка караганда музыка жакыныраак болгондуктан, музыкага басым жасоого өтөт. Беш тилде сүйлөгөндү билген ырчы башка тилде да ырдап чыгууну максат кыла баштайт. Дильназдын ай чырайлуу жүзүнөн, келишимдүү мүчөсүнөн, ырчылык талантынан улам келечекте популярдуу ырчы чыгаарына көздөрү жеткен шоу дүйнөсүнү­үн адамдары ага чогуу иштешүүнү сунушташат. Алгач чыгармачылыктын чыйыр жолуна болочок ырчы биринчи продюсери Руслан Тохтахунов менен аттанат. Экөө биргеликте үч ыр жаздырышат. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам көп узабай бирге иштешүүнү токтотушат. Андан кийин Гульвира Илуханова деген бизнесмен айым менен иштешип, элге “Экинчи мени көр­бөйсүң” деген ыр тартуулашат. Аталган ыр бат эле хитке айланат, бирок, тилекке каршы, тез эле популярдуулугун жоготот. Андан кийин белгилүү продюсер Адил Жамбакиев менен иштеше баштайт.

Юрмаладагы жеңиш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Ala Music Entarprises” аттуу компаниянын жетекчиси Адил Жамбакиев менен иштеше баштагандан тартып Дильназга ийгиликтин эшиги ачылат. “Может однажды” деген ыры ырчыга популярдуулук алып келүү менен бирге ырчылык карьерасынын тушоосун кесет. Ошондон тартып Дильназдын чыгармачылык изденүүсүнө кызыккандар көбөйөт. “Азия Даусы” фестивалына келген чет өлкөлүк ырчылар Дильназдын талантына баа беришип, өздөрү менен кошо алып кетүү сунуштарын да билдиришкен. Бирок, кандай гана сунуштар түшпө­сүн, ырчы өз жеринде гана чыгармачылыгын ул­антууну айткан. Ошондон тартып Дильназ музыкалык фестивалдарга катышып, ийгиликтерге жетише баштайт. 1998-жылы “Алматы-98” конкурсунда Гран-Прини утуп алат. 2001-жылы улуттук “А-1” сыйлыгынын «Мыкты вокал жана мыкты ыр» номинациясына ээ болот. Ошондон кийин “Ильхам” сыйлыгынын лауреаты, Казакстанда өткөн “Алтын диск” фестивалынын жеңүүчүсү болууга үлгүрөт. Ал эми Дильназдын аты дүйнөгө Юрмалада өткөн “Новая волна” конкурсунан кийин чыгат. 2002-жылы эл аралык фестивалга биринчилерден болуп Казакстандын атынан Дильназ катышып, “Эл сүймөнчүгү” номинациясын жеңип алат. Ушундан кийин Дильназ баш-оту менен чыгармачылыкка киришүү менен продюсерсиз иштөөнү чечет да, чыгармачылык тизгинди өз колуна алат. Акыбети кайтып, “Разлука”, “Золотой” деген ырлары ийгилик алып келет.

Актрисалыкты аркалоого умтулуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казак-Голливуд фильми болуп эсептелинген “Көчмөндөр” тасмасына жуңгар ханынын кызы болуп тартылгандан кийин Дильназда келечекте киноактриса болуу тилеги жаралат. Келечекте Голливуд киносуна тартылып, башкы каармандын ролун аткарсам дегенде эки көзү төрт. “Көчмөндөргө” тартылгандан кийин ырчы актрисалык чеберчиликке үйрөнүү курсун Голливуддан окуйт. Ырчы Америкага досторунун таанышы Патрик Канингем деген адамдын чакыруусу менен барган. Патрик Дильназды ырчы эмес, актриса экен деп ойлогон. Дильназдын ырларын угуп, ырчылык дараметин байкагандан кийин Патрик актрисалык карьерасын токтотуп туруп, ырчылык өнөр­үн өркүн­дө­түү­нү сунуш кылган. Патрик аркылуу ырчы музыка тармагындагы белгилүү адамдар менен таанышууга, Марк Дакаскостун туулган кү­нүнө барууга жетишет. Оше­нтсе да ырчы кыз актриса болуу максатынан баш тарткан эмес. “Киного тартылып, роль жаратуу оңой иш эмес, бирок, мен бул иштин кыйынчылыктарынан коркпойм. Кандай роль болбосун ийине жеткире аткара алам деп ишенем. Анткени, мен бир нерсеге тез үйрөнөм” дейт ырчы берген интервьюсунда.

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 2001Может однажды
  2. 2002Wapadarim
  3. 2005 — Алтын Золотой
  4. 2007 — Менин жүрөгүм (Моё сердце)
  5. 2010Любовью задеты
  6. 2014 — Думай обо мне
  7. 2015 — Коз алдымда
  8. 2016 — Strength in my soul

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Кыргызча аталышы Түп нуска аталышы Ролу
2009 Москва, мен сени сүйөм! («Таксист») Москва, я люблю тебя! (новелла «Таксист») ~
2005 Көчмөн Кочевник Жуңгар ханынын кызы Хоша

Бакыт тартуулаган көз ирмем[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дильназ бир кезде Мальдивы аралында эс алып жүргөн учурунда дүйнөлүк эстрада жылдызы Рикки Мартин менен ысык мамиледе болгондугунан кабардар бол­гондор аз. Рикки татынакай Дильназды аппак яхтада туруп купальникчен сүрөткө түш­үп жаткан жеринен жактырып калган. Эки жылдыз жакыныраак таанышкан соң экзотикалуу ресторандардын бирине кечки тамактанууга барышкан. Балык уулоого чыгып көңүл ачышкан. Дильназ менен таанышкандан кийин Рикки Казакстан мамлекети жана уйгур деген улуттун бар экенин биринчи жолу уккан. Эки ырчы ажыраша албай аэропортто бир топ убакытка чейин турушкан. Кетип жатып Рикки сулуу айымга: «Кайрылып келем» деп убада бергендигин Дильназ өзү журналисттерге кабарлаган. Экөөнүн мамилеси кийин уланабы, жокпу, аны убакыт көрсөтөөр.

ххх

Учурда ырчы Иван Бреусов деген жигит менен жакшы мамиледе. Экөөнүн мамиле кургандарына эки жыл болот. Иван Дильназдын чыгармачылыгына чоң колдоо көрсө­түп келет. “Экөөбүз тең үйбүлө курганга жашпыз, эгерде мамилебиз ушул боюнча улана берсе, анда сөзсүз үйлөнөбүз” дейт ырчы.