Диний идеология

Википедия дан

Диний идеология – диний догматиканы жана диний келип чыгышы жөнүндөгү жалпы дүйнөнү элестетүүлөрдү, маанилүү диний кызыкчылыктарды негиздөө жана саясий талаптарды келтирүү үчүн колдонулуучу идеалык элестетүүлөрдүн салыштырмалуу бүтүндүк системасы.

Диний идеология адамдын саясий активдүүлүгүнүн шарты катары алардын динге карата окшош мамилесинин басымдуулук кылышына: ыйык китептерден (Куран, Веда, Библия, Талмуд) алынган элестетүүлөрдү иш жүзүнө ашырууга, коомдук бүтүндүүлүктүн шарты катары бийликтегилердин кыймыл-аракеттеринин диний моралдын нормалары жана саясаттары менен чектелишине жалпылаштырылган көрсөтмөнү өзүнө камтыйт. Бир катар диний идеология өзүнө либералдык-демократтык мүнөздөгү идеяларды камтуу менен бирге жарандык мамлекеттердин руханий турмушунун ажырагыс элементи болуп калды. Ошол эле учурда көптөгөн диний идеология догматтык көз карашдтан турган философиялык, теологиялык окуулар менен байланышкан. Алар куру ишеним жана диний көрсөтмөлөр менен салттарды иш жүзүнө ашыруу үчүн саясаттагы рационалдык-сандык далилдерин маанисин жокко чыгарышат. Ошондуктан бул идеологиялардын жактоочуларынын саясий жүрүм-туруму көп учурда оңчул жана солчул экстремизм, радикализм, терроризмдин түрдүү формалары менен байланышат.

Мисалы: Латын Америкасында кеңири жайылган солчул радикалдык «бошотуу теологиясынын» негизинде динге ишенгендердин боштондук кыймылдарына активдүү катышуусун талап кылуу жатат. Революция бул жакта динди модернизациялоонун негизги себеби, «христиан үчүн сүйүү мыйзамдары менен жашоонун ыкмасы, анын кудай менен байланышуусунун формасы» (П. Бланкар) катары каралат. Салтык оңчул диний идеологияга исламдык фундаментализм, ортодоксалдык индуизм жана иудаизм, сикхизм ж. б. кирет.

Диний идеология Африка, Азия жана Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө таралган. Расмий мамлекеттик идеологиянын статусуна ал Иран, Пакистан, Сауд Аравиясы, Ливия ж. б. өлкөлөрдө ээ болгон.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8