Диний уюм

Википедия дан

Диний уюм – КРде КР жарандарынын, КР аймагында туруктуу жашаган башка адамдардын, биргелешип сыйынуу жана дин ишенимдерин таратуу максаттарында уюштурулган өз ыктыярдуу бирикмеси. Д. у. өз уставына (жоболоруна) ылайык түзүлгөн түзүмдөрүнө жараша иш алып барат. Д. у. диний топтор, диний коомдор жана алардын бирикмелери түрүндө түзүлүшү мүмкүн. КРде исламдык, христиандык жана башка Д. у-дар бар. Мамлекет эгер алар мыйзамдарга каршы келбесе Д. у-дун иштерине кийлигишпейт; айрым бир диндер же ишенимдерге башка диндерге караганда эч кандай артыкчылыктарды берүүгө жол бербейт; Д. у-дун ишмердиктерин жана атеизмди пропагандалоо боюнча иштерди каржылабайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]