Диоклетиан Гай Аврелий Валерий

Википедия дан

Диоклетиан Гай Аврелий Валерий (243, Диоклея – 313- жана 316-ж. аралыгы, Далмация) – Рим императору (284–305). Катардагы жоокерден аскердик жогорку кызматтарга чейин жеткен. Император Нумериандын тушунда анын сакчыларын жетектеген, ал дүйнөдөн кайткан соң, император деп жарыяланган. Рим империясы экономикалык, социалдык жана саясий жактан начарлаган учурда бийликке келип, императордук бийликти күчөткөн. Империяны чыңоо үчүн бир катар реформаларды жүргүзгөн: аскерлердин саны 450 миңге жетип, чек аралык коргонуу системасы түзүлгөн; акча жүгүртүүнү жөнгө салган; империядагы бөлүп-жаруучулукту күч менен баскан. Диоклетиан 305-жана башкаийликтен ыктыяры менен баш тарткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1