Дирижабль

Википедия дан

Дирижабль (фр. dirigeable – башкарылуучу) – абадан жеңил газ (суутек , гелий ) толтурулган, винттүү кыймылдаткычы бар, башкарылып учуучу учак (аэростат). Дирижабль жүк көтөрүмдүү жана алыска бара алат, бирок жай учат жана аба ырайына көз каранды. 1852-ж. франциялык инженер А. Жиффар учууга жөндөмдүү алгачкы дирижабльди жасаган. Улам барган сайын дирижабль жакшыртылып, көлөмү чоңойтулган. Дирижабль газ толтурулган корпустан, каршы-терши орнотулган канаттардан, горизонталь жана тик жайгашкан кыймылдуу башкаруурулдардан, экипаж, жүргүнчү, кыймылдаткыч, жабдуу жана буюмдар жайгашуучу гондоладан турат. Дирижабль жумшак, чала катуу жана катуу түзүлүштүү болуп айырмаланат. Жумшак жана чала катуу түзүлүштүү дирижабльде кездемеден жасалган корпуска газ толтурулат. Чала катуу түзүлүштүү дирижабльдин корпусунун төмөнкү бөлүгүнө металл каркас орнотулат. Катуу түзүлүштүү дирижабльдин металл каркасы сырткы түрүн өзгөртпөй (кабырылтпай) кармап, анын ичиндеги газ өткөрбөөчү кездемеден жасалган мүшөктөргө газ толтурулат. Дирижабльдин ылдамдыгы саатына 100–135 кмден ашпайт. Дирижабль жетүү кыйын алыскы райондорго кабар жеткирүү, деңизде кемелерди чалгындоо жана узатып баруу, суу астындагы кемелерди изилдөө, аскердик жана башка максаттарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1