Дирилдөө

Википедия дан

Дирилдөө — катуу телолордун механикалык термелиши.

Колдонулушу жана таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дирилдөөнү өнөр жай менен тиричиликте кеңири колдонулуучу пневматикалык жана механикалаштырылган электрдик кол аспаптар, түрдүү машиналар, станоктор пайда кылат. Дирилдөө техникада гана колдонулбастан, медицинада да кээ бир нерв жана булчуң ооруларын дарылоодо (вибротерапия, вибромассаж) пайдаланылат. Өндүрүштө жана тиричиликте болсун дирилдөөлөр адамга жагымсыз таасир тийгизип, кээ бир физиологиялык процесстердин бузулушуна, ал эми узак убакытка чейин таасир этсе, адам ооруга чалдыгышы мүмкүн. Дирилдөө жергиликтүү жана жалпы болуп бөлүнөт. Жергиликтүү дирилдөөдө иштеген адамдын колуна таасир тийгизет. Жалпы дирилдөөдө полдун, отургучтун кыймылдашы адамдын бүт организмине таасир тийгизет. Жергиликтүү дирилдөөнүн таасиринен ооруга чалдыккан адамдын колу чымырап, манжалары, белдин, жүрөктүн тушу ооруйт.

Белгиси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун белгиси: четки кан тамырларда кан айлануу бузулат. Кол, бут ооруну сезбей калат, эндокрин бездери, ички органдар, зат алмашуу начарлайт. Оорулуу алсызданат, бат чарчайт, башы ооруйт, уйкусу качат. Ал эми жалпы дирилдөөнүн таасиринен пайда болгон ооруда вестибюль системасы жабыркап, баш ооруп, айланат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоодо витамин жана физиотерапия, айыктыруучу гимнастика пайдалуу, курортто дарылануу да натыйжалуу. Дирилдөөдөн пайда болгон ооруну алдын алуу үчүн гигиеналык норма менен катар машина, жабдуулардын, аспаптардын термелүүнү пайда кылуучу күчүн теңдештирүү менен дирилдөөнү жоюу жүргүзүлөт. Аны басаңдатуучу мээлей жана бут кийим кийилет. Дирилдөө ооруларына чалдыкпоо үчүн коопсуздук техника нормаларын жана иштин белгиленген эрежесин сактоо, эмгек жана эс алууну туура айкалыштыруу жана башка чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8