Дистервег, Адольф

Википедия дан
Adolph Diesterweg
Туулган жылы:

29 -октябрь 1790(1790-10-29)

Туулган жери:

Зиген

Каза болгон жылы:

17 -июль 1866(1866-07-17) (75 жаш)

Каза болгон жери:

Берлин

Илимий чөйрөсү:

{{{Илимий чөйрөсү}}}

Фридрих Адольф Вильгельм Дистервег(1790–1866) – немец педагогу, философия илимдеринин доктору (1920). 1812–20-ж.

Германиядагы үлгүлүү мектеп-гимназиясында физика жана математика сабагын, Мёрсто (1820–32), Берлинде (1832–47) мугалимдер семинариясынын директору жана педагогика, математика, немец тилинен окуткан. 1827–1866-ж. «Рейн баракчалары» педагогика журнал чыгарган, анда өзүнүн 400 макаласы жарык көргөн жана элдик мектепке өзгөчө көңүл болгон. 1831–41-ж. Берлинде 4 мугалимдер коомун түзгөн. 1848-ж. Жалпы немецтик мугалимдер коомунун төрагасы болуп шайланган. 1850-ж. Мамлекеттик кызматтан мажбурлап кетиришкен. 1851-жылдан баштап «Педагогический ежегодник» аттуу жыйнак китеп чыгара баштаган.

Дистервег тарбиялоонун жалпы адамзаттык идеясын жактаган. Мектептин милдети деп «чыныгы пруссактарды» эмес гумандуу жана аң-сезимдүү атуулдарды тарбиялоону тааныган. Дистервег 20 окуу китептин, математика, немец тили, табият таануу, география, астрономия боюнча колдонмолордун автору. Ал «Немец мугалимдери үчүн колдонмо» аттуу белгилүү эмгегинде; педагогика жана дидактиканын жалпы маселелерине, жеке предметтерди окутууга көңүл бөлгөн. Бул китеп 1913-ж. кыскартылып, 1956-ж. кеңейтилген түрдө орус тилине которулуп, «Немец мугалимдери үчүн колдонмо» деген ат менен жарыкка чыккан. Дистервег тарбиялоо практикасы үчүн табиятка шайкештик, маданий шайкештик жана өз алдынча ишмердиктин принциптерин сунуш кылган. Дистервег окутуунун принциптерин конкреттештирүү аркылуу чечмелеген, Я. А. Коменскийдин «Жакындан алыска карай», «Жөнөкөйдөн татаалга карай» жана башка эрежелерин алгачкы жолу психологиялык жаткан негиздеген: ал окуу материалын ийгиликтүү өздөштүрүүнүн шарты анын жеткиликтүүлүгү, аны жүзөгө ашыруу мугалимдин ыкласына, аракетине байланыштуу деп эсептеген.

Дистервегдин педагогика идеялары Германиянын чегинен алыс өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,