Дифирамб

Википедия дан

Дифирамб (гр. ditherambos – ыр) – 1) Дионис кудайга арналган туңгуч диний хор ыры. Кийин гимнге жана одага окшош адабий форма (Пиандар, Арион, Шиллер, Гердер); 2) ыксыз мактоо; 3) антикалык лириканын бир түрү. Кийинчерээк мындай мактоо ыры кудайлардын, баатырлардын урматына да ырдала баштаган. Дифирамб өзүнүн өсүш жолунда көп өзгөрүштөргө учурады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1