Диэтиленгликоль

Википедия дан

Диэтиленгликоль, дигликоль, b, b¢-диоксидиэтил эфири, НОСН2СН2- О-СН2СН2ОН - даамы таттуу, жыты жок, түссүз, илээшкек суюктук, мол. масс. 106,12; балкып эрүү t - 7,8оС, кайноо t 245,8оС, d204 1,1161, n20D 1,4474. Суу, жөнөкөй эфирлер, спирттер, ацетон, анилин, хлорофрм менен бардык көлөмдө аралашат; бензолдо, тоулолдо начар эрийт. Д. хим. касиети гликолго жана жөнөкөй эфирлерге окшош. Карбон к-талары жана анын ангидриддери менен татаал моно- жана диэфирлерди, альдегиддер жана кетондор менен (катализатору фосфор к-тасы) циклдүү ацеталдарды пайда кылат. Д. майларга, нитроцеллюлозаларга эриткич катары жана төмөнкү темп-рада тоңуучу суюктуктарды (антифриза) даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]