Догдурлук аймак

Википедия дан

Догдурлук аймак, Врачтык аймак — дарылоо-алдын алуу мекемелеринин медициналык кызматкерлери тейлөөчү белгилүү сандагы калкы бар территория. Аймактык принципте терапевттер, балдар врачы, акушер-гинекологдор, фтизиатрлар жана алардын жардамчылары — участкалык медсестралар иштейт. Догдурлук аймак айылдык, шаардык жана цехтик болуп айырмаланат.

Айылдык догдурлук аймакта калкты дарылоо, алдын алуу, санитариялык жана эпидемияга каршы чараларды жүргүзүүчү оорукана, акушер-фельдшердик пункттар, колхоздук төрөт үйү, балдар бакчалары болот. Участкалык врачтар өзүнүн аймагындагы калкка поликлиникада, үйүндө медициналык жардам көрсөтөт жана диспансердик байкоо жүргүзөт, коомдук уюмдардын жардамы менен оорулуунун турмуш-тиричилик жана эмгек шартын жакшыртууга кам көрөт. Андан тышкары айыл жердеги аймактык врачтар территориясындагы коммуналдык, тамак-аш, өнөр жай объектилерин, балдар мекемелерин санитариялык жактан көзөмөлдөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8