Додекафония

Википедия дан

Додекафония (гр. dodeka – он эки, phōnе – добуш) – атонализмдин өнүгүү процессинде пайда болгон музыка жазуу ыкмасы. Додекафониялык принципте алгачкы музыка жазган австриялык композитор Й. Хауэр (1910-жылдары) болгон, кийин композитор А. Шёнберг анын ыкмасын кайрадан иштеп чыккан жана уланткан. Додекафония ыкмасынын маңызы чыгарманы түзгөн ыргактуу үндөр жана үн ай калыштары сериядан – ар кандай бийиктиктеги 12 добуштун өзүнчө катарынан куралгандыгы менен түшүндүрүлөт. Серия кайталанбас бардык тонду камтыйт да, чыгарманын «интонациялык негизин» түзүүчү тандалма интервалдардын комплекси болот жана ар кандай модустарда колдонулат. Чет өлкөлөрдө додекафония формалисттик музыканын бир багыты катары кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1