Доза (медицина)

Википедия дан

Доза — организмге жиберилүүчү заттын же дарынын белгилүү так өлчөмү. Доза оорулуунун жашына, организмдин жеке өзгөчөлүгүнө, оорунун мүнөзүнө жана өтүшүнө жараша болот. Дарылоо коопсуздугун камсыз кылуу үчүн уулуу жана күчтүү дарыларга СССРдин мамлекеттик фармакопеясында бир жолку доза (бир эле жолу берилүүчү) жана суткалык доза белгиленген. Дозаларды врачтын көрсөтмөсүсүз көбөйтүүгө болбойт, ал ууланууга алып келет. Дары г жана г бөлүктөрү (деци—, санти —, милли —, микрограмм) менен өлчөнөт. Суюк дарылар мл, ошондой эле чай же аш кашык, тамчы менен берилет.

Антибиотиктер жана кээ бир витаминдердин дозалары эл аралык бирдиктер менен белгиленет. Жаш балдар чоң кишилерге караганда дарыларды сезгич келет. Аларга тиешелүү жогорку Дозалар фармакопеяда берилген. 60 жаштан өткөндөргө да дарынын өлчөмү азыраак.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8