Дор, Реми

Википедия дан
Профессор Реми Дор. Сорбонна университети, Париж. 07.10.2003.

Дор, Реми

Реми Дор (Rémy Dor) - француздардын чыгаан кыргыз таануучусу жана түрколог окумуштуусу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Реми Дор (Rémy Dor) мырза 1946-жылы 31-октябрда Франциянын ордо шаары Парижде туулган.

Ооганстандагы кыргыздардын тили жана этнографиясы тууралуу мол маалымат топтоп жарыялаган.

1971-73-жылдары Кабул университетинин профессору болгон.

Ооганстандын Памир аймагында Рахманкул хан менен учурашкан, ал тууралуу эмгек жазган.

Француз жана кыргыз тилдеринен башка орус, англис, түрк, өзбек, дари, пуштун ж.б. тилдерде сүйлөйт.

Кыргызстанда бир нече жолу болгон.

Илимий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Реми Дор 2012-жылга карата жарык көргөн ар кыл 15 китепке автор жана автордош, 9 китепке редактор болгон.

Реми Дор 30дан ашуун ири илимий макала, 40тан ашуун ар кыл чыгарма ж.б. жарыялаган.

Анын иликтөө багыты тил илиминини түркология нугун, түрк калктарынын оозеки элдик чыгармачылыгын жана адабиятын изилдөөнү камтыйт.

Илимий ишине кыскача мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Реми Дор кыргыз кесиптеши Тынчтыкбек Чоротегин менен. Сорбонна университети, Париж шаары, Франция. 2003-жылдын 7-октябры.

Профессор Реми Дор Борбордук Азиядагы түрк тилдеринин жана алардын диалекттеринин сыпаттамасы менен алектенди.

Ал түрк тилдүү дүйнөдөгү киши менен жаныбарлардын карым-катнашы менен байланыштуу терминдерди изилдеди.

Ал оогандык кыргыздардын фольклордук мурасын, 11-кылымдагы түрк калктарынын макал-лакаптарын, чагатай доорундагы поэзияны, Йунус Эмренин "Диванынын" текстин которуу жагдайларын, түрк поэзиясындагы уйкаштыкты, жана башка илимий маселелерди ырааттуу иликтеди.

Реми Дор ооган кыргыздарынын ханы, айтылуу Рахманкул хан тууралуу китеп жарыялады.

Жакында ал кыргыз-француз жана француз-кыргыз сөздүгүн түздү.

Шакирттери жана үзөңгүлөштөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Реми Дордун шакирттеринин бири - швейцариялык немис чыгыш таануучу, доктор Гундула Салк айым.

Салк айым 1986-1996-жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде (Freie Universität Berlin) жана Германиянын ордо шаарында негизделген алгачкы университет – Гумбольт университетинде (Humboldt Universität Berlin) түркология, борбордук азия таануу жана монголистика бөлүмүндө окуп, 1996-жылы магистрдик диссертациясын эң мыкты баага жактаган.

Салк айым 1992-жылдан тартып чыгыш таануу (негизинен, кыргыз таануу) жаатында илимий жана илимий-жамаатттык макалаларын жарыялай баштаган, алардын айрымдары Кыргызстанда (Бишкекте) жана Кытайда (Үрүмчүдө) кыргыз тилинде жарык көргөн.

Салк айым 1995-жылы Кыргызстандагы “Манас” дастанынын миң жылдыгынын шартуу мааракесине катышып, жергиликтүү окумуштуулар менен жакындан таанышып, Бишкек, Чүй, Талас сыяктуу аймактарды кыдырган.

Салк айым 1995-1998-жылдары Кытайдын бир катар аймактарын кыдырып, этнографиялык-диалектологиялык жана башка иликтөөлөр жүргүзгөн, Ал Сычуан вилайетинде, Шинжаң Уйгур автоном районунда (анын ичинде кыргыздар байырлаган жайларда), Хэйлуңжан вилайетиндеги фу-йү кыргыздарынын жашаган аймактарында болгон.

Салк айым Бээжиндеги теги дунган, кыргыз таануучу профессор Мухаммед Ху Чженхуа жана Үрүмчүдөгү кыргыз профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен кызматташкан.

Салк айым 1997-2002-жылдары Түркиядагы Мерсин университетинин (Mersin Üniversitesi) Котормо бөлүмү жана Түрк тили жана адабияты бөлүмү менен да тыгыз чыгармачыл-педагогдук байланышта болгон.

2000-2001-жылдары жубайы Паул Салктын ишине байланыштуу алардын бүлөсү Тайванда жашады. Ал учурда да Гундула кыргыз таануу боюнча иликтөөлөрүн уланткан.

2007-жылы Германиядагы Фрайбург (Freiburg) шаарындагы университеттин Чыгыш таануу бөлүмүнүн ислам таануу тармагында (Orientalisches Seminar (Islamwissenschaft) Салк айымдын доктордук диссертациясынын темасы кабыл алынат.

2008-жылы Д. Прайор (D. Prior) жазган айтылуу кыргыз манасчысы Кенже Карадан ХХ кылымдын башында жазылып алынган фонограмма (үн) тууралуу илимий эмгек жөнүндө Салк айымдын сын макаласы жарык көргөн.

Салк айым 2009-жылдын май айында Фрайбургдагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө диссертациялык эмгегин эң жогорку баа (magna cum laude) алуу менен ийгиликтүү коргоду.

“Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжыра” - Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860-1942) - деп аталган Салк айымдын бул диссертациялык эмгеги 2009-жылдын соңунда өзүнчө илимий монография болуп жарык көрдү.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Реми Дор 2004-жылы Франциянын илим жаатындагы кадыр-барктуу сыйлыгы - Пальмалар академиясынын орденинин (французча: L'Ordre des Palmes académiques) офицери (Officier des Palmes Académiques) наамына татыган.

2003-жылы Реми Дор Кыргызстандын "Даңк" медалын (Commandeur de l’ordre Dangk / Honneur et Gloire) алган.

2001-жылы Реми Дор Казакстандын Алматы шаарындагы университеттин ардактуу профессору (Professeur Honoraire de l'Université URILM d'Almaty, Qazaqstan) наамына татыган.

1999-жылы Реми Дор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ардактуу профессору (Professeur Honoraire de l’Université d’Etat de Bichkek, Kirghizstan) наамын алган.

1995-жылы ноябрда Кыргызстан Тарыхчылар Жамаатынын (азыркы Кыргыз Тарых Коомунун) ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

1992-жылы Реми Дорго Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын ардактуу доктору (Docteur Honoris Causa de l’Académie des Sciences du Kirghizstan) наамы ыйгарылган.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Dor Rémy. Parlons kirghiz. Rémy Dor. manuel de langue, orature, littérature kirghizes. ISBN : 2-7475-6460-6 • mai 2004 • 615 pages.
  • Dor Rémy. Lune et Prune, Ay may, comptines de Turquie , Edition bilingue français-turc. Rémy Dor. Poésie jeunesse (broché). Paru en 11/2006.

ISBN 2915255539.

  • Dor Rémy. Return to Karagunduz — With the Kirghiz in Turkey. Rémy Dor. Central Asian Survey, Volume 6, Issue 3 1987 , pages 61 - 72.

ISSN: 1465-3354 (electronic) 0263-4937 (paper).

  • Реми Дор. Ооган Памириндеги кыргыздар. Бишкек, 1993. 104 бет.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • А. Мокеев. Рецензия на книгу французского исследователя Р. Дора о кыргызах афганского Памира: Dor Remy. Contribution a l’etude des Kirghiz du Pamir Afghan. Paris, 1975. // СЭ. №2. Москва, 1978. №2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]