Дрейк кысыгы

Википедия дан
Дрейк кысыгы.

Дрейк кысыгы — Оттуу Жер архипелагы менен Түштүк Шетленд аралынын аралыгында. Атлантика жана Тынч океандарын туташтырат. Узундугу 460 км дей; Жер шарындагы эң жазы (1120 кмге чейин) кысык. Тереңд. 5249 мге чейин (эң тайыз жери 276 м). Катуу бороон көп болот. Түштүк бөлүгүндө кышкысын муз тоңот. Жайында айсбергдер кездешет. 1578-ж. кысык аркылуу өткөн англиялык деңиз саякатчысы Ф. Дрейктин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1