Дренаж (ден-соолук)

Википедия дан

Дренаж — жараатардын кан-сөлүн, дене көңдөйлөрүндөгү суюктук же ириңди сыртка чыгаруу. Ал үчүн тешиги бар айнек, резина же пластмасса түтүкчөлөрү, же даки колдонулат. Дренаждын сырткы учу териге пластырь менен бекитилет же көңдөйдүн ичине кирип кетпес үчүн аны даки же жип менен бир нерсеге байлоо керек. Даки өзүнө нымды жакшы тартат. Урологияда Дренаж бөйрөк менен табарсыктын функциясын кайра калыбына келтирүүгө жана алардагы сезгенүү процессин жоготуу үчүн жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8