Дубинин Николай Петрович

Википедия дан

Дубинин Николай Петрович [22. 12. 1906 (4. 1. 1907 Кронштадт – 1998] – советтик генетик, СССР ИАнын академиги (1966; корреспондент мүчөсү, 1946), Социалистик Эмгектин Баатыры (1969). МГУну бүтүргөн (1928). 1932-жылдан СССР ИАнын түрдүү илимий-изилдөө мекемелеринде иштеген, 1966-жылдан СССР ИАнын Жалпы генетика институтунда директор. Дубинин жалпы генетика, эволюциялык гентика боюнча изилдөөлөр жүргүзүп, мутациянын пайда болуу закондору, гендин түзүлүшү жана функциясы, селекциянын генетикалык негиздери боюнча ачылыштар жасаган. Ал, ошондой эле космостук генетикада да эксперимент жүргүзүп, радиациялык, эволюциялык генетиканын бир катар проблемаларын, мутация процессиндеги этаптуулук маселесин иштеп чыккан. Ленин сыйлыгынын лауреаты (1966). Чет өлкөлүк бир катар ИАнын жана Улуу Британия генетиктер коомунун мүчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1