Дубний

Википедия дан

Дубний (лат. Dubnium, Db) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VВ группа элементи; к. н. 105; ат. м. 262; туруктуу изотоптору жок. Терс электрдүүлүгү аныкталган эмес. Д. d-элементтер өкүлү, окистенүү даражасы +5. Тантал жана ниобий аналогу. 255, 257. 259 – 262 массалык санга ээ болгон 6 изотобу белгилүү; эң туруктуусу 262Db (Т1/2 =40 сек.). Хим. касиеттери ж-дөгү алгачкы маалыматтар 1970-ж. ядролук изилдөөлөр бириккен институ, (ЯИБИ, Дубна шаары, СССР) И.Звара жана анын шакирттери тарабынан алынган. № 105-элементти синтездөө иштери СССР жана АКШ Беркли шаарындагы Калифорния университетинде бир убакта жүргүзүлгөн. Ядролук изилдөөлөрдүн бириккен институтунда синтездөөнүн ыкмасы катары 243Amди 22Ne ядросу менен (120МЭв энергиясы м-н) бомбалоону тандап алышкан:

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]