Дхьяна

Википедия дан

Дхьяна (санскрипт – ой, ой жүгүртүү) – индия философиясында эркиндикке чыгаруучу жолдогу этап катары көрүнгөн аңдап түшүнүү, медитация. Акыл-эстин (читта) тазаланып, сергишине алып келүүчү йоганын сегиз каражатынын жыйындысы. Дхьяна сезимдин (нратьяхара) мокогон жана көңүл чордонунун топтоштурулган абалынан кийин келип, ой-пикирдин объектке токтоо, сабырдуу жана үзгүлтүксүз бурулганына байланышат; Дхьяна буддизмде маанилүү роль ойнойт да, айрым учурда будда йогасы деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8