Дэниэл Рэдклифф

Википедия дан
Дэниэл Рэдклифф.

Дэниэл Жакоб Рэдклифф (англ. Daniel Jacob Radcliffe; 1989-жылдын 23-июлунда туулган) - англиялык актер. Ал Гарри Поттердин ролу менен таанылган. Ал он жашында Би-би-си биринчинин “Давид Коперфильд” (англ. David Copperfield, 1999) телевизиондук сериалында өзүнүн алгачкы ролун ойногон. Андан кийин 2001-жылы тартылган “Панамалык тигүүчү” ( англ.The Tailor of Panama) тасмасынде катышып, кино жанрында алгачкы тушоосу кесилген. Он бир жашынан тарта “Гарри Поттер” (англ. Harry Potter) тасмасынде Гарри Поттердин ролун он жыл аралыгында тасманын сегизинчи жана акыркы сериясы 2011-жылы тартылганча ойногон.

2007-жылдан тарта Лондондо жана Нү-Йоркто коюлган “Эквус” (англ. Equus) пьесасында роль жараткан. 2011-жылы “Бизнесте эч нерсе калбай кантип ийгиликке жетишсе болот” (англ. How to Succeed in Business Without Really Trying) деген Бродвей мюзиклинде роль жараткан. Актер “Кара кийимчен аял” (англ. The Woman in Black, 2012) тасмасында катышкан. “Өзүңүн жакындарынды өлтүр” (англ. Kill Your Darlings, 2013),тасмасында жазуучу Алан Гинзбергдин ролун ойногон. Д. Рэдклифф 2015-жылы “Виктор Франкенштейн” (англ. Victor Frankenstein) тасмасынде катышса, 2016-жылы “Швейцария армиясынын адамы” (англ. Swiss Army Man), "Сен мени көрүп турасың-2" (англ. Now You See Me 2) жана “Чексиз бийлик” (англ. Imperium) тасмаларында ойногон.

Актер Demelza Hospice Care for Children ( Демелза балдардын хосписи) уюмунун кайрымдуулук иштерине көп катышкан, The Trevor Project долбоорунун (сексуалдык азчылыктагы жаштардын өзүн-өзү өлтүрүүсүн алдын алуучу долбоор) ишмердүүлүгүнө салым кошкондугу үчүн актерго Hero Award сыйлыгын ыйгарышкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]