Дүйнөлүк жөргөмүш желеси

Wikipedia дан
Роберт Кайлео тарабынан чыгарылган
Дүйнөлүк Жөргөмүш Желесинин логотиби

Дүйнөлүк жөргөмүш желеси же дүйнөлүк тармак (англ. World Wide Web - орусча Всеми́рная паути́на) - интернетке туташтырылган ар кайсы компьютерлерде жайгашкан, өз ара байланышта болгон документтерге жетүүгө мүмкүндүк берген бөлүштүрүү системасы. Дүйнөлүк жөргөмүш желесин миллиондогон веб-серверлер түзөт. Дүйнөлүк тармактын ресурстарынын көпчүлүк бөлүгү гипертексттен турат. Дүйнөлүк жөргөмүш желесине жайгаштырылган гипертексттик документтер веб-баракчалар деп аталат. Кайсы бир жалпылагыч темага жана дизайнга бириктирилген, ошондой эле өз ара шилтемелер аркылуу байланышкан жана адатта бир веб-серверге жайгаштырылган веб-баракчалардын жыйындысын веб-сайт деп атайбыз. Веб-баракчаларды көрүү жана жүктөө үчүн атайын браузер деп аталган програмдар колдонулат. Дүйнөлүк жөргөмүш желеси маалымат технологияларындагы чыныгы төңкөрүшкө жана Интернеттин өнүгүүсүнө чоң түрткү берди. Көпчүлүк учурда Интернет тууралуу сөз болгондо, дүйнөлүк жөргөмүш желесин максат кылышат. Эскерте кетчү нерсе, бул экөө эки башка түшүнүк экенин унутпоо зарыл. Дүйнөлүк жөргөмүш желесин (World Wide Web) билдирүү үчүн анын баш тамгаларынан кыскартылган WWW аббревиатурасы жана веб (англ. web) сөзү да көп иштетилет.