Дүрбү
Wikipedia дан
Дүрбү, турнабай – алыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал.
Мында линзалар системасынын жардамы менен көрүү бурчу чоңоёт. Галилей дүрбүсү менен призмалуу дүрбүгө бөлүнөт. Галилей дүрбүсүнүн объективинин фокус аралыгы оң, окулярдыкы – терс мааниде болуп, нерселердин туура сүрөттөлүшүн берет. Призмалуу дүрбүнүн ар бир түтүгү объективден, призмадан жана окулярдан түрат.
[оңдоо] Колдонулган адабияттар
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов