Дөдөмөл-Ак-Шыйрак капчыгайы

Википедия дан

Дөдөмөл-ак-шыйрак капчыгайы Ички Теңир-Тоодогу Дөдөмөл жана Ак-Шыйрак тоолорун Нарын дарыясын кесип өткөн жерде. Тогуз-Торо жана Ак -Талаа райондорунун аймагында. Узундугу Ала-Буканын чатынан (Нарындын сол куймасы) Кара-Кайыңдын чатына (оң куймасы) чейин 50 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800–2200 м, капчыгайды чектеген тоолордун абсолюттук бийиктиги 3600–4000 м. Ак-Шыйрак кырка тоосунун Түндүк капталынан Кызыл-Жар тоосун көздөй созулган тектоникалык жарака тоонун түзүлүшүн экиге бөлөт. Жараканын Түндүк бөлүгү капчыгайдын сол капталын түзөт. Ала-Букадан төмөн 20 км аралыкта туурасы 1 кмден 20–25 мге чейин кууш тартат. Төртүнчүлүк мезгилдеги тектирлердин калдыктары суунун нугунан 300–400 м көтөрүңкү жатат. Кайыңды суусу кошулгандан кийин капчыгайдын туурасы кескин кууштайт (5–10 м). Дарыянын нугу салыштырмалуу 1600 мден 1300 м ге төмөндөп, суунун кескин жемиришинен 1 км аралыкта 7 мге тик капталдуу, кууш жалама капчыгай түзүлүүдө. Дөдөмөл тоосу суунун нугунан 1400 м өйдө жатат. Негизинен акиташ теги, доломит, кум, шагыл, сланец тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын кооз рельефи корукка айландырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1