Дөлөев Өмүрбек

Википедия дан

Дөлөев Өмүрбек - акын.

Өмүрбек Дөлөев 1947-жылы 15-сентябрда Ак-талаа районунун Коңорчок айылында туулган.
Финансы-экономикалык техникумун 1970-жылы, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн 1982-жылы бүтүргөн.
«Алдыдагы өмүрлөр» аттуу алгачкы ыры 1969-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган. Очерктери, публицистикалык чыгармалары аркылуу окурмандарга журналист катары да таанымал.
Эмгек жолун 1967-жылы Ак-Талаа райондук «Кыргыз айыл чарба техника» өндүрүштүк бирикмесинде айдоочу болуп иштөө менен баштаган, Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.
1970-жылдан Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезитинде үзгүлтүксүз иштеп, учурда ошол гезиттин редактору. Акындын 50гө жакын ырларына жана «Шырдакбектин боз жорго», «Айымдын арманы», «Эр Тайлак» ж.б. дастандарына музыка жазылган.
1976-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун, 1986-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Жаш акындардын республикалык фестивалынын лауреаты.
2003-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери», 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамдары берилген. «Кыргыз тили» төшбелгисинин ээси, Нарын областынын ардактуу атуулу.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Сезим тамчысы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 35 б.

Алтын топ: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 12 б.

Үмүт оту: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 47 б.

Мен – мекендин чырпыгы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1987. – 30 б.

Өмүр көчү: Ырлар-I. – Нарын шаардык басмакана, 1996. – 210 б.

Өмүр көчү: Ырлар-II. – Нарын шаардык басмакана, 1997. – 210 б.

Ак-Талаа куттун жергеси: Тарыхый түзүм. – Б.: Финансы чарба башкармалыгынын басмаканасы, 1996. – 226 б.

Казыбек: Кан-жандан чыккан казалдар. – Б.: Бийиктик, 2003. – 300 б.

Ак мөөр – Ак-Талаанын айпериси. – Б.: Учкун, 2005. – 112 б.

Өмүр күүсү. – Б.: Бийиктик, 2005. – 463 б.