Дөөлөталиев, Сейит

Википедия дан

Дөөлөталиев Сейит (1940-ж. 7-февральда т., Жумгал району, Баш-Кууганды айылы – 2008-ж. 19-сентябрьда к.б., Бишкек) — тоо-кен инженери, профессор, экономика илимдеринин доктору (1993).
1962-ж. Фрунзе политехникалык институтунун тоо-кен геология факультетин бүткөн.
1964–77-ж. Кыргыз ИАнын экономика институтунда кенже, улук илимий кызматкер, 1977–79-ж. сектор башчысы.
1979–81-ж. ИАнын Президиумуна караштуу Табигый байлыктардын негизинде өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу комиссиясынын башкармасынын орун басары, 1981–84-ж. Экономика институтунда бөлүм башчы, 1984–94-ж. башкы илимий кызматкер, 1994-жылдан Кыргыз Техникалык университеттин Токмок шаарындагы филиалында кафедра башчысы.
Илимий иштери республикада өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө жана жайгаштырууга, жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдаланууга, тоо-кен өнөр жайынын курулушун техникалык-экономика жактан негиздөөгө, максаттык илимий-техникалык программаларды иштеп чыгууга жана башка арналган. Жогорку Нарын станциялар түйүнүн куруунун ( техникалык-экономика негиздөө ишин жетектеген. Нарын эркин экономика аймагынын илимий концепциясын негиздөө ишинин жетекчиси жана жооптуу аткаруучусу болгон. 112 илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография, 2 окуу китеби) автору.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.