Жан Лерон Д’Аламбер

Википедия дан
Д’аламбер Жан Лерон‎»‎ барагынан багытталды)
фр. Jean Le Rond D'Alembert
Туулган жылы:

16 -ноябрь 1717(1717-11-16)

Туулган жери:

Париж, Франция

Каза болгон жылы:

29 -октябрь 1783(1783-10-29) (65 жаш)

Каза болгон жери:

Париж, Франция

Өлкө:

Франция

Илимий чөйрөсү:

математика, механика

Белгилүү окуучулары:

П. С. Лаплас

Белгилүү болгондугу:

«Энциклопедии наук, искусств и ремёсел»

Белгилүү болгондугу:

«Энциклопедии наук, искусств и ремёсел»

Д’аламбер Жан Лерон (16.11.1717, Париж – 29.10.1783, ошол жер) – франциялык математик жана философ-агартуучу, Париж ИАнын (1754), Петербург ИАнын (1764) жана башка академиялардын мүчөсү. Дидро менен бирге «Энциклопедия» чыгар ган. Д’аламбер математика, гидродинамика, астрономия, физика илимдерин байытууга салым кошкон. «Динамика жөнүндө трактат» (1743) деген эмгегинде динамика маселелерин келтирип, материалдык ар кандай системанын кыймыл-аракеттеринин дифференциялоочу теңдемелерин түзүүнүн жалпы эрежелерин биринчи ачкан. Анын философиялык эмгектеринин маанилүүлөрү: «Энциклопедия» үчүн жазылган «Илимдердин чыгышынын жана өнүгүшүнүн очерки» (1751) макаласы, «Философиянын элементтери» (1759) эмгеги. Д’аламбер феодалдык-клерикалдык көз карашка каршы күрөшкөн, сенсуализмди жактап, философиянын негизги маселелерин чечүүдө скептизицимге ыктаган. Д’аламбердин көз карашын Дидро «Д’Аламбердин түшү» (1769) аттуу эмгегинде сынга алган.

Ад.: Энгельс Ф. Диалектика природы. М., 1955; Добровольский В. А. Даламбер, М., 1968; История математики. М., 1972. Т. 3.

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия