Евгемеризм

Википедия дан

Евгемеризм – «Ыйык жазуу» деген китептин автору, Мессеналык Евгемердин (б. з. ч. 340–260-к. жакын) атынан алган.

Дин-эң байыркы падышаларды урматтоодон жана аларга сыйынуудан келип чыккан окуу. Евгемеризм ошондой эле мифтер менен ишенимдерди кудайлардын жана реалдуу тарыхый окуялардын чагылдырылышы деп түшүндүрөт. Ушул мааниде алып караганда Евгемеризм Грецияда б. з. ч. 5-кылымда эле мифтерди рационалдык сынга алуунун бир варианты катары пайда болгон; маселен гераклеялык Геродор Геракл жана аргонавттардын жүрүшү жөнүндөгү мифтерди эзелки мезгилдеги чыныгы жеңиштердин фантазия аркылуу сүрөттөлүшү деп түшүндүрүүгө аракеттенген.

Евгемер алыстагы деңиздер боюнча саякаттар, бейиштин төрүндөй Панхея аралы, Панхеянын байыркы падышасы Зевстин жазгандары жөнүндө аңгеме жанрында баяндаган. Зевстин ал жазгандарында Панхеянын жасаган жакшылыктары үчүн урмат-сыйга бөлөнүп калышкан кубаттуу жана акылман падышалары Урандын, Крокос менен Зевс тууралуу баяндалган. Евгемер ошол падышалар адамдарды цивилизациянын жетишкендиктери менен кантип тааныштырганын жазып, Зевс ошол максатта жер жүзүн кантип кыдырып чыкканын сүрөттөп калтырган. Евгемер кудайлар менен баатырларга сыйынуу кандайча жаралгандыгын да ушундай эле жол менен түшүндүргөн. Евгемердин чыгармалары римдик акын Энний тарабынан латын тилине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]