Евразийчилик

Wikipedia дан
Евразия

Евразиячыл, Евразийлик, Евразиячыл кыймыл – эмигранттардын биринчи толкундагы бир нече орус ойчулдары түзгөн тарыхый мектеп.

Өздөрү жөнүндө «Чыгышты көздөй бет алып» (София, 1920) аталган программалуу эмгек аркылуу жарыялашып, алар кийинки жылдары бир нече көлөмдүү жыйнактарды, «Евразия» газетасын, «Версты» журналын жарыкка чыгарышкан. Бул кыймылдын борборлору Софияда, Прагада, Берлинде, Белградда, Брюсселде, Харбинде, Парижде болгон.

Негизги теоретиктери: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Л. П. Красавин, Г. В. Вернадский, Г. В. Флоровский ж. б. болушкан. 1932-ж. кыймылдын катышуучулары Евразиялык уюмду түзүшкөн. Бирок, 30-жылдардын ортосунда эле негизги идеялары түгөнүп калгандыктан Евразиячыл кыймыл кризиске учурай баштайт да, 1937-жылы ал агым катары өз жашоосун токтотот. Бул агымдын негиз салуучуларынын ою боюнча, Евразия – бул өзгөчө «ортолуктагы материк» болуу менен Хингандан Карпатка чейин созулат да, Батыш Европадан да, түштүк Чыгышка чектеш өлкөлөрдөн да айырымаланат. Евразиячыл болууга андагы элдерди географиялык жактан гана жакындык эмес, менталитеттеринин окшоштуктары да бириктирет. Эвразиялык элдердин руханий жактан жакындыгы жана тарыхый тагдырларынын жалпылыгы алардын маданиятынын аралашмасын, азыркы тил менен айтканда бирдиктүү руханий мейкиндикти түзмөк. Ушундай болуу сөзсүз шарт деп эсептешкен бул кыймылдын идеологдору евразиялык руханий бүтүндүктүн өзгөчөлүгү катары андагы ар бир элдин этникалык өз алдынчалыгын эсептешкен.

Улуттук принципке таянган маданият гана «адамдын рухун жогорулаткан баалуулуктарды» стимулдаштырмак. Алардын ою боюнча, ар кандай улуттук маданият диний кыртыштан өнүп чыгат. Ушул мааниде алар Эвразияда таралган православиеден, исламдан жана бурканчылыктан бир катар, айрыкча, адеп-ахлактык, этикалык жалпылыктарды көрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8