Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012

Википедия дан
Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012
Break The Ice! (Музду жар!)
Дата 1-декабрь 2012-жыл
Алып баруучулар Эвоут Генеманс
Ким Лиан Ван Дер Мей
Мүдүр Ситце Баккер
Кожоюн телеканал AVRO
Өткөрүлүүчү жай Нидерланддар, Амстердам, Heineken Music Hall
Жеңүүчү ыр «Небо», (Украина)
Добуш берүү ыкмасы 50/50 - телекөрүүчүлөр/калыстар
Өлкөлөрдүн саны 12
Алгачкы катышуу Азербайжан

Албания
Израиль

Баш тартуу Болгария

Латвия
Литва
Македония

Нөл упай болгон эмес
Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012
2011        2013
     Катышуучу өлкөлөр      Катышуудан баш тарткан өлкөлөр
Амстердамдагы Heineken Music Hall
Алып баруучулар Эвоут Генеманс жана Ким Лиан Ван Дер Мей
Анастасия Петрик, сынактын жеңүүчүсү
2012-жылкы сынактын сахна жасалгалоосу

Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012 — Нидерланддардын борбор калаасы Амстердамда 2012-жылдын 1-декабрында болуп өткөн онунчу, мааракелүү балдар ыр сынагы. Сынак Heineken Music Hall аренасында өткөрүлгөн[1]. Бул жылы Украиналык сынакчы, 10 жаштагы Анастасия Петрик "Небо" деген ыры менен 138 упай топтоп жеңүүчү аталды.

Уюштуруучуну тандоо жана өткөрүлүүчү жай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылдын 11-октябрында Ереванда өткөн делегациялардын башчыларынын жолугуусунда уюштуруучу-өлкө катары Нидерланддар жарыяланган.[2]

2012-жылы 27-февралда Европа телерадио бирикмеси жана уюштуруучу-телеканал AVRO, уюштуруучу топтун отурумунда, сынак 2012-жылдын 1-декабрында Нидерланддардын борбор шаары Амстердамдагы Heineken Music Hall аренасында өтө тургандыгын далилдешкен.[1]

Сынактын концепциясы, логотиби жана шөкөтү даяр экендиги Бакыдагы Еврожумалыкта жарыяланган[3].

Эрежелердеги өзгөрүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурда катышкан жаш аткаруучулардын кайрадан катышуусуна тыюу салган эреже жокко чыгарылды. Аны менен бирге эле добуш берүү системасына кесиптүү калыстар тобунан жана телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн сырткары, ар бир өлкөдөн бир өкүлдөн турган, 10 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдардан түзүлгөн балдар калыстыгы да кошулган. Бул калыстар стандарттуу 1-12 упайларды ыйгарат[3].

Сынактын алып баруучулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы 27-февралда Европа телерадио бирикмеси жана уюштуруучу-телеканал AVRO, уюштуруучу топтун отурумунун убагында, 2012-жылкы сынактын алып баруучуларынын ысымдарын ырасмый түрдө аташкан, алып баруучулар болуп Эвоут Генеманс менен Ким-Лиан Ван Дер Мей дайындалышкан.[1]

Эвоут Генеманс Нидерланддардагы популярдуу ырчы, актер жана телепродюсер, ошондой эле 2011-жылкы Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы үчүн улуттук тандоонун — «Junior Eurovisiesongfestival» финалынын алып баруучусу болгон.[4]

Ким-Лиан Ван Дер Мей Нидерланддардагы музыкалдуу актриса, 2007-жылы Сипке Ван Бусема менен биргеликте Роттердамда өткөн Еврокөрүнүү балдар ыр сынагынын алып баруучусу болгон.[5]

Улуттук тандоолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык катышуучу-өлкөлөрү ачык түрүндөгү улуттук тандоолорду (теледобушберүүнү колдонуу менен) өткөрүүсү зарыл, бирок бир нече өлкөлөргө ЕТРБ ички тандоо жүргүзүүсүнө уруксат берет, сынакка катышышы үчүн эле. Мисалы 2010-чу жана 2011-жылдары бөтөнчө Латвия үчүн кана уруксат берилген.

Сынакка катышуу үчүн табыштама берген өлкөлөр, октябрь айыында болп туруучу уюштуруучу топтун отурумуна чейин ачык же ички тандоолорду өткөрүүгө милдеттүү. Бул жылы ачык улуттук тандоолорду Орусия, Швеция, Украина, Беларусь, Армения, Албания, Молдова, Бельгия жана Нидерланддар өткөргөн.

Өлкө Дата Тандоо Телеберүү Маалымат
Орусия 3-июнь 2012 Улуттук Тур Россия-1/РТР-Планета Орус улуттук тандап алуу турунун финалы «Академиялык» концерт залында өтткөн. Жеңүүчү болуп «Сенсация» деген ыры менен Валерия Енгалычева[6] табылган.
Швеция 6-июнь 2012 Lilla Melodifestivalen 2012 SR/SVT Стокгольмдогу «Gröna Lund»дун башкы сахнасында болгон Lilla Melodifestivalen 2012, сынагынын жеңүүчүсү — Лова Сённербо, «Mit mod» деген ырды аткарган[7].
Украина 8-июль Дитяче Євробачення-2012 NTU Украин тандоосунун финалы Артекте өтткөн. Анастасии Петриктин аткаруусундагы «Nebo» ыры жеңген[8]
Израиль 10-октябрь Ички тандоо IBA Тандоо турунун жеңүүчүсү — Kids.il, «Let the music win»[9]
Беларусь 28-сентябрь Еврокөрүнүү үчүн ыр-2012 BRTC Тандоо турунун жеңүүчүсү болуп Егор Жешко табылган, «А море, море..» ыры менен[10][11]
Армения 30-сентябрь Մանկական Եվրատեսիլ 2012 ARMTV Тандоо турунун жеңүүчүсү — Compass band, «Sweetie baby»[12]
Албания 4-октябрь Junior Fest Albania 2012 RTSh Тандоо турунун жеңүүчүсү — Игзидора Гьета, «Kam një këngë vetëm për ju»[13] (англисче)[14]
Молдова 5-октябрь Ички тандоо ТРМ Молдованы сынакта «Toate vor fi» ыры менен Денис Мидонэ көрсөткөн[15]
Бельгия 6-октябрь Junior Eurosong 2012 VRT Бельгияны сынакта «Abracadabra» ыры менен Фабиан Фейартс көрсөткөн[16]
Нидерланддар 6-октябрь Junior Eirosongfestivalen 2012 AVRO Тандоо турдун финалы 6-октябрда болгон. 2 жарымфиналдардын жыйынтыгы боюнча финалга 4 катышуучу чыккан. «Tik Tak Tik» деген ыры менен Фемке жеңүүчү[17].
Азербайжан 9-октябрь Улуттук тандоо туру Ictimai TV Улуттук тандоонун жеңүүчүлөрү Омар Султанов жана Суада Алекперова[18]
Грузия 10-октябрь Ички тандоо GPB Тандоо турунун жеңүүчүсү — «Funky Lemonade» ырын аткарган «The Funkids» тобу[19]

Катышуучулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европа телерадиоберүү бирикмеси катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алууну 2012-жылдын 2-июлунда ырасмый токтоткон, бирок катышуучу өлкөлөрдүн саны төмөн болгондуктан EBU табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүн октябрдын ортосуна чейин узарткан. 2011-жылы ЕТРБ жана ARMTV Балдар үчүн Еврокөрүнүү 2011 сынагына кошумча табыштамаларды кабыл алуусун чечишкен, бирок жыйынтыгында сынакка бир кана Болгария кошулган. 2012-жылы сынакка катышуу макулдугун 12 өлкө тактады.

Өлкө Тил Аткаруучу Ыр Котормо Орун Упай
1 Беларусь Орусча, Италянча Егор Жешко «А море, море» 09 56
2 Швеция Шведче Лова Сөннербо «Mitt Mod» «Менин кайратым» 06 70
3 Азербайжан Азербайжанча, Англисче Омар Султанов менен Суада Алекперова «Girls and Boys (Dünya Sənindir)» «Кыз балдар жана (Дүйнө сеники)» 11 49
4 Бельгия Голландча Фабиан Фейартс «Abracadabra» «Абракадабра» 05 72
5 Орусия Орусча, Англисче Валерия Енгалычева «Sensation» «Жаңырык» 04 88
6 Израиль[3] Англисче, Жөөөтчө, Орусча, Французча, Kids.il «Let the music win» «Музыка жеңсин» 08 68
7 Албания Албанча Игзидора Гьета «Kam një këngë vetëm për ju» «Мен сен үчүн ыр жаздым» 12 35
8 Армения Армянча, Англисче Compass band «Sweetie baby» «Таттуу балакай» 03 98
9 Украина Англисче, Украинче Анастасия Петрик «Nebo» «Асман» 1 138
10 Грузия Англисче, Грузинче The Funkids «Funky Lemonade» «Шайыр Лимонад» 02 103
11 Молдова Англисче, Молдованча Денис Мидонэ «Toate vor fi» «Бардыгы жакшы болот» 10 52
12 Нидерланддар (уюштуруучу) Голландча Femke «Tik Tak Tik» «Тик Так Тик» 07 69

Добуш берүү жадыбалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыйынтыктарды жарыялоодон мурда ар бир катышуучу Европа телерадиоберүү бирикмесинен жана AVRO телеканалынан 12 упайдан алышкан.

Алган\берген өлкөлөр БК Баары
Беларусь 12 1 - 1 7 2 4 1 2 7 10 7 2 - 56
Швеция 12 6 7 - 1 5 5 7 12 2 2 7 4 70
Азербайжан 12 2 2 3 - 1 3 - 10 - 5 8 - 3 49
Бельгия 12 3 3 7 3 - 7 6 7 5 1 4 6 8 72
Орусия 12 8 10 8 2 8 - 4 - 8 6 6 10 6 88
Израиль 12 4 5 4 5 4 8 - 1 6 8 3 1 7 68
Албания 12 - - - 12 - - 3 - 1 - 1 4 2 35
Армения 12 5 8 6 - 7 10 10 3 - 12 12 3 10 98
Украина 12 10 12 12 4 12 12 12 6 12 - 10 12 12 138
Грузия 12 12 6 10 8 6 6 8 5 10 7 - 8 5 103
Молдова 12 - 4 2 10 3 2 5 4 3 4 2 - 1 52
Нидерланддар 12 7 1 5 6 10 1 2 8 4 3 5 5 - 69

12 упай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саны Алган өлкө Берген өлкө
8 Украина Беларусь, Швеция, Бельгия, Орусия, Израиль, Армения, Молдова, Нидерланддар
2 Армения Украина, Грузия
1 Албания Азербайжан
Грузия БК (балдар калыстыгы)
1 Швеция Албания

Кайтып келген аткаруучулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул жылы бир кана төмөнкү аткаруучу кайтып келген. Эскерте кетсек, мурдагы жылдары сынакка бир жолу катышкан жаш ырчы кайра катыша алчы эмес, бул эрежени быйыл алып салышкан.

Өлкө Аткаруучу Жыл(дар) Мурдагы Орун
Молдова Лерика 2011 ( Молдовадан) 6

Алгачкы катышуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Азербайжан — «Азербайжан мурда эч качан Балдар Еврокөрүнүүсүнө катышкан эмес. Биз азырынча биринчи жолу 2012-жылкы сынакка кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кана талкулоодобуз. Азыр бир нерсе деп айтууга эрте», Азербайжандын Ичтимаи телеканалынан жооп[3].
  • Албания — Алгачкы катышуу 2005-жылы болуш керек болчу, бирок белгисиз себептерден улам Албания табыштама берген эмес. 25-июль күнү RTSh телеканалы 2012-жылы катышууга ырасмый табыштама берди.
  • Израиль — Алгачкы катышуу 2008-жылы болуш керек болчу, бирок каржы маселесинен улам табыштама алып салынган. 2012-жылы 10-июлда IBA телеканалы мамлекеттин сынакта катышуусу жөнүндө ырасмый жарыялады.

Баш тартуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Улуу Британия — каржы көйгөйлөрү BBC.
  • Дания — ДаниянынMelodi Grand Prix Junior 2012 тандоосу январь айында өтүп катышуучу тандалган эле, бирок эрежелер мындай эрте өткөрүүгө тыюу салат. DR бөтөнчөлүктү ЕРТБдан суранышкан, бирок бары бир катышууга уруксат бербей койгон.
  • Испания — Мурдагы жылы TVE кайтып келүү аракеттерин жасоодо болчу, бирок сүйлөшүү убактысынын тардыгы тоскоол болуп калган. 2012-жылы өлкө сынакка кайтып келген жок.
  • Кипр — CyBC Бакыдагы Еврожумалыкта каржы маселесинен улам быйыл сынакка катышыҲшпоосун билдиришкен.
  • Латвия — каржы көйгөйлөрү.
  • Литва — каржы көйгөйлөрү.
  • Мальта — PBM жана TVM тандоо өткөрүү ашыкча сарптуу деп эсептешет, бул жылы катышуу укугу TVMге өткөн болчу.
  • Норвегия — ички көйгөйлөр. NRK.
  • Португалия — ЕТРБдан чакыруу алышкан, бирок өлкөдөгү каржы жаатындагы татаалдыктардан улам катышуудан баш тартышканын жарыялашкан.
  • Румыния — каржы көйгөйлөрү.
  • Сербия — январда РТС Сербияны сынакка кайтып келиши мүмкүн экендигин жарыялаган, бирок «Балдар үчүн Еврокөрүнүү — 2012» тизмесинде жок болуп чыкты.
  • Македония[3] — Сынак MKRTV телеканалынын каржы долбооруна кирбегендигин македон өкүлчүлүгү билдирди.

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 Junior 2012 in Amsterdam on December 1. Junioreurovision.tv (27 -февраль (бирдин айы) 2012). Текшерилген күнү 27 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012. (англисче)
  2. Netherlands to host Junior 2012 (11 -октябрь (тогуздун айы) 2011). Текшерилген күнү 27 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012. (англисче)
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 Детское Евровидение 2012 на EscKaz.com
  4. Junior Eurovision: Ewout Genemans to host 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012.
  5. Junior Eurovision: Kim-Lian van der Meij to host 2012. Escxtra.com (26.01.2012). Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012.
  6. Россия отправит на детское «Евровидение» москвичку Валерию Енгалычеву, РИА Новости (3 -июнь (кулжа) 2012). Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.
  7. Junior Eurovision: Lova Sönnerbo to represent Sweden!. Архивировано из первоисточника 16 -июнь (кулжа) 2012. Текшерилген күнү 6 -июнь (кулжа) 2012. (англисче)
  8. Оксана Гончарук. Настя Петрик едет в Амстердам, Комсомольская правда (10 -июль (теке) 2012). Архивировано из первоисточника 5 -сентябрь (аяк оона) 2012. Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  9. Victor. Israel debuts in Junior Eurovision with Kids.il. EBU (13 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англисче)
  10. Татьяна Пастушенко. Егор Жешко с песней «А море-море…» выступит от Беларуси на детском «Евровидении-2012» (28 -сентябрь (аяк оона) 2012). Архивировано из первоисточника 1 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  11. Junior Eurovision: Belarus opens submissions for September national final!. ESCDaily.com. Текшерилген күнү 27 -июнь (кулжа) 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012. (англисче)
  12. Armenia: Call For JESC 2012 Songs
  13. Jarmo. Igzadora Gjeta going for Albania. EBU (10 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  14. Игзидора Гьета (Igzidora Gjeta) будет представлять Албанию на ДПКЕ-2012, Перший Національний канал (8 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Архивировано из первоисточника 9 -ноябрь (жетинин айы) 2014. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  15. Victor. The choice of Moldova is Denis!. EBU (9 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англисче)
  16. Jarmo. Fabian spells Belgium with Abracadabra. EBU (8 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англисче)
  17. Jarmo. Femke goes for The Netherlands. EBU (8 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  18. Названы имена азербайджанских участников «Детского Евровидения - 2012», 1news.az (10 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  19. Jarmo. FUNKIDS to take Funky Lemonade to Amsterdam. EBU (10 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англисче)