Европа валюта cиcтемаcы

Википедия дан

Европа валюта cиcтемаcы (European moneеapy system‚ EМS) – Европа экономикалык кызматташтыгы өлкөлөрүнүн валюталык мамилелеринин уюштуруу формасы. Европа уюмуна мүчө мамлекеттердин валюта курстарын координациялоо жана турукташтыруу максатында 1979-ж. түзүлгөн. Европа валюта системасын түзүү демилгеси менен ГФР жана Франция биргелешип чыгышкан. Алардын долбоорлору Бремен шаарында (ГФР) өткөн Европа экономикалык коомуна (ЕЭК) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешмесинде каралган жана жеткире иштелип чыккандан кийин 1978-ж. жактырылган. «Жалпы рыноктун» сегиз өлкөсү – ГФРФранцияИталияНидерландБельгияЛюксембургДания жана Ирландия Европа валюта системасынын катышуучулары‚ 1990-ж. Улуу Британия жана Испания Европа валюта системасынын толук мүчөсү болуп калышты. Европа валюта системасы белгиленген валюта курстарынын жана валюта курстарын бирдей негизде белгилөө үчүн пайдаланылган жана резервдик актив болуп эсептелген европа эсептешүү бирдигинин механизмдеринин негизинде түзүлгөн. ЕВCти Европа валюта кызматташтыгынын фонду башкарган. Европа валюта системасына кирген ар бир өлкө өз валютасын жана өздүк борбордук банкын сактады. Евро чыгарылгандыгына байланыштуу 1999-жылдын 1-январынан тартып Европа валюта системасы экономика жана валюта союзуна алмашылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1