Европа парламенти

Википедия дан

Европа парламенти (Европарламент) – Европа Союзунун (ЕС) өкүлдүк органы. ЕСке кирген өкүлдөр өлкөлөрдүн шайлоочулары тарабынан жалпы тике шайлоо менен 5 жылдык мөөнөткө ал мамлекеттердин калкынын санына жараша (жалпы 732 депутат) шайланат. Европа парламенти ЕСтин бюджетин бекитет, эл аралык келишимдерди ратификациялайт, кон­сультациялык жана башка функцияларды аткарат. Европа парламентинин кезектеги сессиялары Страсбург шаарында (Франция), чукул чакырылган сессиялары Брюссель (Бельгия) шаарында өткөрүлөт. Генералдык секретариаты Люксембургда, штаб-квартирасы Страсбург шаарында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1